Өткөн сутка ичинде Казакстанда 311 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, муну менен ооругандардын жалпы саны 6 миң 751ге жетти. Алардын ичинен 3 миң 469 адам айыгып чыкса, 35 бейтап илдеттен көз жумду.