Республикада аба каттамдарын жандантуу маселеси 25-майда каралат

Аба каттамдарды калыбына келтирүү жөнүндө маселе 25-майда каралат. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жыйында кабарлады.

“Кооптуу кырдаалга байланыштуу, облустар аралык аба каттамдарын жүргүзө элекпиз. Бул маселе 25-май күнү дагы бир жолу каралып, эпидемиологиялык абалга байланыштуу чечим чыгарылат”, - деди ал.

Анын айтымында, 17-апрелден 18-майга чейин чет жактан жалпысынан 17 авиакаттам жана 6 автобус менен 3 миң 531 жараныбыз өлкөгө келди. Жарандарды башка өлкөлөрдөн алып келүү боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады Боронов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан