Беларусь өлкөсүндө пандемиянын айынан футбол боюнча өлкө чемпиондугуна виртуалдуу билеттер сатылууда

Беларусь өлкөсүнүн футбол боюнча чемпиондугу азыркы тапта Европадагы болуп жаткан жалгыз турнир. Мындан улам аталган чемпиондукту бүт жакта көрүп жатышат. Акыркы ай ичинде түз алып көрсөтүү укугун 11 өлкө сатып алган.

Беларусь футбол клубдары миллиондогон жаңы көрүүчүлөргө ээ болду. Чек аралар жабык болгонуна байланыштуу күйөрмандар оюндарга виртуалдык билеттерди сатып алууда.

Анда билет алган адамга билет жана оюндун журналы үйүнө жеткирилет, ал эми анын сүрөтү стадиондун трибунасында отурган манекендерге чапталат. Оюндун жүрүшүндөгү видео жана сүрөт электрондук кат аркылуу күйөрманга жиберилет. Алгач виртуалдуу билеттер "Динамо" - "Шахтёр" клубдарынын оюнуна сатылган.

Витуалдуу күйөрмандар
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан