Бүгүн, 9-апрель күнү Өкмөт үйүндө тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдө калган мекендештер тууралуу жыйын өткөрдү.
Марттын башынан тартып өлкөгө жеке коргонуучу каражаттар, ИВЛ аппараттар, экспресс-тесттер үчүн 15 миллион долларлык жардам келген. Кайрымдуулук кылган өлкөлөр - Орусия, Кытай, Япония, Корея, Түркия, АКШ, Швейцария, Өзбекстан жана башкалар.
АКШдан алынып келген жарандарда да коронавирус болушу мүмкүн деген шек менен изоляцияга алынган.
"Буга чейин коронавирустун жайылуу коркунучун эске алып, ТИМ чет өлкөлөргө чыгуудан кармануу сунуштары менен чыккан. Тилекке каршы, ага карабастан бир топ мекендештерибиз сыртка чыгып кеткен. Албетте, мекендештерибиздин арасында чет өлкөдө иштеп, окуп, дарыланып жаткандар бар", - дейт Ниязалиев.
Орусиядан алып келинген 17 жарандын жетөө биринчи экспресс-тесттен коронавирус оң чыккан. Азыр алар көзөмөлдө.
9-апрелге карата 23 чет өлкөдө жашаган Кыргыз жарандарынан коронавирус катталды.
Оренбург облусунда жашаган Кыргыз жарандары тамак-аш, жеке гигиеналык каражаттар менен камсыз болушту.
Учурда 2 719 Кыргыз жараны чет өлкөдөн чартердик каттам менен алып келинди. Азыр 42 өлкөдө мекендештерибиз бар.