Өлкөдө коронавирустан дагы 2 адам каза болду. Анын бири илдетти кайдан жуктуруп алганын айта алган эмес жана үйдө өз алдынча дарыланууга аракет жасаган

Өлкөдө коронавирустан дагы 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Токмок аймактык ооруканасынан 1974-жылы туулган аял каза болду. Ал Чүй облусунун тургуну. 12-июнда ооруканага оор абалда келип түшкөн. Кургак учук дарты менен ооруп, кант диабети менен каттоодо турган. ПЦР-анализдин жыйынтыгы тастыкталып, дем алуунун жетишсиздиги диагноздору коюлган.

Темир жол ооруканасынан 1969-жылы туулган эркек киши кайтыш болду. Ал Бишкек шаарынын тургуну. Ооруканага оор абалда кайрылган. Коронавирустун оор түрү тастыкталып, эки тараптуу пневмония, курч мүнөздөгү дем алуу жетишсиздиги болгон. "Ооруканага кайрылганга чейин 10 күндөй өз алдынча үйдө дарыланган. Бейтап кандайдыр бир илдет жуктуруп алган адам менен байланыш болгонун айта алган эмес. Чет жактан келген эмес жана өлкөнүн ичиндеги башка аймактарга деле барбаганын билдирген. Массалык иш-чарага деле катышкан эмес", - деди Үсөнбаев.

Жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 37ге жетти.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
meku9205
2020-06-22 00:50:32
Мындай өлгөндөрдү деле корона вирус менен жайлар атышатго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан