Орусияда сутка ичинде 8 миңден ашык адамдан коронавирус илдети аныкталды

Орусияда сутка ичинде 8 миң 995 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, өткөн суткада 9 миң 109 бейтап сакайып, ооруканадан чыкса, тилекке каршы, 379 адам көз жумган. Эң көп илдет аныкталган аймактар:

Москва шаарында - 2 миң 476;

Санкт-Петербург шаарында - 595

Москва облусунда - 242;

Ростовская облусунда - 219. Калгандары башка аймактардан катталган.

Пандемия башталгандан бери Орусияда 4 миллион 684 миң адам коронавирус илдетине каблса, 104 миң 795 бейтап каза болгон. 4 миллион 310 миң 557 адам ооруканадан сакайып чыгарылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан