Бүгүн, 21-майдан тарта калкты тейлөө борборлору ишин кайрадан жандантты. Ишин жанданткан мекемелердин биринчи иш күнүндө эле жарандардын узун кезекте турган видеосу тарады.
Анда борбор калаадагы калкты тейлөө борборлорунун биринде жарандар бир канча метрге чейин узун кезекке турушкан. Анда массалык түрдө топтолгон жарандардын бири-бири менен жөөлөшүп, түртүшүп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары мекеменин босогосундагы кызматкерди түртүп ичине кирүүгө аракет кылганы байкалат.
Калкты тейлөө борборуна келгендер социалдык аралыкты дээрлик сактабай турушат.