Том Круз коронавируска байланыштуу карантинге киргизилди

Буга чейин Италияда коронавирус тездик менен жайылып жатканына байланыштуу "Аткарылбас миссия - 7" тасмасынын тартуу иштери токтотулганы тууралуу жазылган. Ошого байланыштуу тасмада башкы ролду ойноп жаткан Голливуд жылдызы Том Круз жана анын кесиптештери карантинге киргизилгени маалым болду.

Маалыматты "Paramount Pictures" киностудиясы тастыктаган. Учурда Том Круз кесиптештери менен Венециядагы алдыңкы мейманканалардын биринде карантинге алынган. Азырынча чыгармачыл топтун эч кимисинен вирус аныкталган эмес. Карантин 2-мартка чейин созулат. Ал эми тартуу иштери качан уланары азырынча белгисиз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aidar.001
2020-03-01 21:52:44
Мейманкада иштеген кыздар куну туну температурасын текшерип атса керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан