Кубатбек Боронов төрөт үйлөрү менен оорукананын балдар бөлүмүндө коронавируска карата тартипти күчөтүүнү тапшырды

Медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө COVID-19 жуктурууга жол бербөө үчүн инфекциялык көзөмөл системин күчөтүү зарыл. Мындай пикирин бүгүн, 21-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ыкчам штабдын жыйынында айтып, Саламаттыкты сактоо министрлигине бул жаатта тапшырма берди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бул маселеге бөтөнчө көңүл буруу зарыл" деди Боронов.

Жыйында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов аймактагы эпидемиологиялык абал жана көрүлүп жаткан санитардык-эпидемиологиялык жана башка чаралар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, үймө-үй кыдыруу, коомдук жайларда, административдик имараттарда дезинфекциялоо жүргүзүлүп, мобилдик бригадалардын иши күчөтүлдү.

Биринчи вице-премьер-министр Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирген.

"Түзүлгөн абал жугуштуу инфекциянын жайылышынын алдын алуу максатында шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл. Мындан тышкары оорунун очогу саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруу керек. Ошондой эле оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл", - деди Кубатбек Боронов.

Ыкчам штабдын мүчөлөрү бүгүнкү күндө коронавирус боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан лабораториялардын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү маселесин талкуулады.

"Көчмө лабораторияларды сатып алуу жана тийиштүү адистерди окутуу ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Чет өлкөдөн келген жарандарды обсервациялык пункттардан аймактардагы жашаган жерине жеткирүү боюнча уюштурулган алгоритмди сактоо маселесине өзгөчө басым жасалды", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан