Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ибупрофен дарысын жарандарга коронавируска каршы өзүн-өзү дарылоо максатында колдонбоону сунуштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Кристиан Линдмайер билдиргенин дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Ал андан көрө парацетамол дарысын ичүүнү сунуштаган. Линдмайердин айтымында, ибупрофен дарысы өлүмгө болгон тобокелчиликти көбөйтөт. Азырынча бул боюнча жеткиликтүү маалыматтар жок болгондуктан, учурда изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Мындан улам адистер парацетамолду ичүүнү сунуштап жатат.
“Биз парацетамол ичүүнү сунуштайбыз жана ибупрофенди өзүн-өзү дарылоо катары колдонбоону өтүнөбүз” деп билдирген ал.
Мындан сырткары ал аталган дарыны эгер дарыгер бейтапка сунуштап жазып берсе, анда жаран дарыны ичсе болот, бирок ал өз алдынча ичүүгө болбостугун айткан.