Улуттук онкология жана гемотология борборундагы коронавирус жуктурган балдардын абалы айтылды

Кечээ, 21-майда өткөн маалымат жыйында Бишкектеги Улуттук онкология жана гемотология борборунун балдар бөлүмүнөн коронавирус менен ооругандар аныкталганын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирген. Коомчулукту бул маалымат дүрбөтүп, аларды биринчи илдет менен алышып жаткандарга экинчи дарттын жугуп калганы кейиткен.

SUPER.KG порталы Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков менен байланышып, вирус жуктурган балдардын жана энелердин абалын билди.

Тилековдун айтымында, учурда бейтаптардын абалы стабилдүү жана аталган мекемеде бейтаптар үчүн атайын борбор ачылып, азыркы тапта ал иштеп жатат.

"Бүгүн, 22-майда эртең мененки маалыматты айтсам, борбордо кечээтен баштап катуу карантиндик режимде иш жүрүүдө. Коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн ошол эле балдар бөлүмү профилизация болуп, атайын бөлүм түзүлдү. Андан тышкары анализдери терс чыккандар үчүн биздин корпустун 2-3-кабаттарында атайын бөлүм ачылды. Ал жерде дарыгерлер, медайымдар, кенже кызматкерлер дагы үйүнө кетпей, карантинди сактап жатышат.

Алар эч жакка кирип, чыкпай, аталган бөлүмдө жумуштарын улантышууда. Ал эми бейтаптарга дарылоо жана химиятерапия керек болсо, аны ала беришет. Азыркы тапта оорулуулардын абалы стабилдүү туруктуу. Биздин ачылган атайын бөлүм бүт тиешелүү талаптарга жооп берет. Ал эми коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасына дарылануу үчүн которулган", - деп билдирди Тилеков.

Акыркы алынган маалыматка ылайык, өлкөдө коронавирусту жалпы 1 миң 313 жаран жуктуруп алган. Ал эми айыккандар 929 болсо, тилекке каршы, 14 жаран көз жумду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан