Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин кызматкерлери бир күндүк айлык акыларын коронавирус пандемиясын алдын алуу үчүн түзүлгөн эсепке которушту. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, маалыматта штабдын атайын эсебине 20 400 сом которулганы айтылат.
"Мындай демилгени Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасы көтөрүп чыгып, биринчилерден болуп баштаган. Ооруну бирге жеңебиз!" - деп жазылат маалыматта.