Казакстанда телеканалдын эки кызматкеринен коронавирус аныкталды. Өлкөдө инфекцияны жуктургандардын саны жалпы 7 жарым миңден ашты

Сутка ичинде Казакстанда 363 жарандан коронавирус аныкталды. Муну менен коңшу өлкөдө илдетке кабылгандардын саны жалпы 7 миң 597ге өсүп, анын ичинен 3 миң 843 жаран оорудан айыкты. 35и каза болду.

Коронавирус жуктургандардын арасында Нур-Султан шаарындагы "Евразия" биринчи телеканалынын эки кызматкери дагы бар. Учурда алар стационарларда калууда. Ал эми аны менен байланышта болду делинген жарандардын баары аныкталып, текшерүүдөн өтүшөт.

Аталган телеканалдын жетекчиси кызматкерлер карантин учурунда кеңседе иштеп жатышканын айтты деп кабарлашат жергиликтүү басылмалар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан