Чет жакта жүргөн Кыргыз жарандарынын арасында паспортунун мөөнөтү өтүп кеткендер болсо, штамп койдуруп, узартып алса болот. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.
"Чет жактагы мекендештердин мөөнөттөрү өтүп кеткен паспорттору боюнча 19-майда 256-токтом чыккан. Ага ылайык, паспорттордун мөөнөттөрү 2020-жылдын 31-декабрына чейин узартылат. Ал үчүн жарандар Тышкы иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылып, паспортторго штамп койдуруп алышы керек", - деди Акын Мамбеталиев.
Ошондой эле жыйында тышкы паспортторду жасоо боюнча жарыяланган тендердин жеңүүчүсү аныкталганы айтылды.
"Учурда келишим иштелип чыгып жатат. Жылдын аягына чейин паспортторду берип баштайбыз", - дейт Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы.