Грузия мамлекети чет элдик туристтер үчүн 1-июлдан баштап эшигин ачат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри Георгий Гахария билдирди деп жазышат чет элдик басылмалар.
Анда бардык ведомстволор туристтик сезонду ачууга бир ай бою тыкыр даярдануусу керек деп айтылат.
"15-июндан баштап Грузия жергиликтүү тургундар үчүн туристтик жайлардын эшигин ачат. Ал эми 1-июлдан тартып чет элдик туристтердин келүүсүнө уруксат беребиз. Туристтердин келүүсүнө коопсуз коридорлор түзүлөт. Биздин өлкө биринчилердин болуп туристтерди кабыл алган өлкөлөргө кирмекчи", - деген өлкөнүн өкмөт башчысы.
Бүгүнкү күнгө карата Грузияда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 615ке жетти. Анын 275и илдеттен арылып, бешөө каза болгон.