Коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну Орусияда күз айларында болот жана өлкө буга даяр болушу керек. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Владимир Путин өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга арналган онлайн жыйын учурунда билдирген.
"Биз муну эсибизден чыгарбашыбыз керек жана кырдаалдын мындай өнүгүшүнө даяр болушубуз керек" деген президент.
Путин чет өлкөлүк эксперттердин айткандарына таянып, Орусияда коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну ушул жылдын октябрь айынын аягында ноябрь айынын башында болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле президент өлкөдө кырдаал турукташып калганын айтты.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда жалпы 326 миң 448 адамдан инфекция аныкталды. 3 миң 249 адам каза болсо, 99 миң 825 бейтап айыгып чыкты.