Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-майда өкмөттүн жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Анда ал акыркы окуяларды эске алуу менен өкмөттүн иш планына бир топ өзгөрүүлөр киргенин айткан. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Премьер-министрдин айтымында, өкмөт жыл башында 157 иш-чарадан турган 100 милдетти аткарууну пландаган.
"COVID-19 пандемиясы биздин пландарга өзгөртүү киргизип, алдыга коюлган максаттарга жетүү мөөнөтүн жылдырды. Өзгөчө бул Экономика жана Тышкы иштер министрлигине тийиштүү. Кыйынчылыктарга карабастан, биз жалпы иш-чаранын 23 пайызын аткара алдык. Учурда басымдуу күч аракет коронавируска каршы күрөшкө жумшалып жаткандыгын эске алуу менен экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү боюнча милдеттер каралган өкмөттүн иш планын актуалдуу кылуу зарыл", - дейт ал.
Өкмөт башчы парламенттин чечимин талап кылган бардык маселелер боюнча тийиштүү документтер даярдалып, депутаттарга сунушталышы керектигин да белгиледи.
"Бир айдан соң парламент каникулга кетет. Буга катар бизде жайы бою чечүүнү талап кылган көптөгөн маселелер бар. Мисалга, кенди чыгаруу, аткезчилик менен күрөшүү үчүн акциздик салыкты киргизүү, амнистия берүү шарттарын кайрадан кароо, салык жана социалдык төлөм нормалары, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселеси, туристтик тармак түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, "Манас" аэропортунун ишмердүүлүгү боюнча маселелер бар. Бүгүнкү күндөгү маанилүү милдеттин бири – жумушсуздук маселесин чечүү. Убактылуу жумушсуз жарандарды коомдук иштерге тартуу маселесин иликтөө сунушталууда. COVID-19 менен күрөшүүдө чакан жана орто бизнес абдан жабыркады. Бюджеттин басымдуу бөлүгү ишкерликтен түшөрүн эске алуу менен биз аны колдоого каражаттарды издеп жатабыз. Бул өтө төмөн пайыз менен ар кыл ресурстардан 40 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат. Мындан тышкары биз мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында пландалган 44 долбоорду аяктоого, 40 айыл өкмөтүн дотациядан чыгарууга тийишпиз. Эң башкысы - фискалдаштыруу системин киргизүү. Ушунун баары бизнести көмүскөдөн чыгарууга, аткезчиликти азайтууга жана бюджетти толтурууга шарт түзөт", - деген Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнө тапшырмаларды берди.
"Биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз. Бардык чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүк баскычтуу түрдө жанданып жатат. Биз баштагы жашообузга кайтуудабыз. Бул үчүн өкмөттөн эле эмес, ар бирибизден күч аракеттерди жумшоо талап кылынат. Баарыбыз биргеликте, ниети жамандардын максатына алдырбай, бардык кыйынчылыктарды жеңип, жашообузду жакшыртабыз", - деди өкмөт башчы.