Өлкөдө 359 миң 703 аз камсыз болгон үй-бүлө бар. Анын ичинен 170 миңден ашуун үй-бүлө азык-түлүк менен камсыз болгонун маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.
"170 миӊ 16 муктаж болгон үй-бүлө гуманитардык жардам алды. Алардын ичинен “Жардам штабы” аркылуу азык-түлүк жардамын Бишкекте 13 миң 217 үй-бүлө алды, ошондой эле башка каналдар аркылуу 20 миң 888 үй-бүлө жардам алды. Ошто – 7 миң 235, Чүй облусунда – 29 миң 153, Ош облусунда – 38 миң 405, Баткен облусунда – 7 миң 654, Жалал-Абад облусунда – 25 миң 397, Нарын облусунда – 5 миң 249, Талас облусунда – 6 миң 623, Ысык-Көл облусунда – 16 миң 195 үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү.
Калган үй-бүлөлөргө жардам таратуу улантылып жатат", - деди ал.