Соль-Илецк шаарынан келгендерден 115 адам Жалал-Абад облусунун тургундары экендиги айтылды

Соль-Илецк шаарынан келгендерден 115 адам Жалал-Абад облусунун тургундары. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Соль-Илецктен келген биздин тургундар жаңы келгенде Бишкек шаарында 12 күн обсервацияда жатышты. Алар Жалал-Абадга келди. ПЦР-анализдин негизинде жыйынтыгы таза чыккандар бул жакта үй карантинине алынат. Эгер үйдө жатып медицина кызматкерлеринин айтканын аткарбай, сыртка чыгып кеткен болсо кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Алардан кайрадан 30-майда анализ алынат. Эгер алар таза чыкса, үй карантини алып салынат", - дейт Нурболот Мирзахмедов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан