Бир суткада 23 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаарында – 20;
Нарын облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 2.
Республика боюнча жалпы 1 миң 15 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.