Айыккандар 23, оору аныкталгандар 35: Министрлик сутка ичиндеги жаңы статистикаларды айтты (видео, хронология)

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы сутка ичиндеги, тагыраагы 26-майга карата коронавирус боюнча маалымат берди. Онлайн-брифинг республикалык штабда болуп өттү.

2020-05-26 10:10:00

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинен:  
Бишкек шаарында  – 4;
Нарын облусунда – 3.

Стационарлардан 6 медицина кызматкери сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 287 медицина кызматкеринен аныкталды, алардын ичинен 237си стационарлардан айыгып чыккан.

2020-05-26 10:07:00

"Коомдук транспорттор жүрө баштады, жарандарды транспортто коопсуздукту сакташына чакырам. Транспорттордун айдоочулары биз койгон талаптарды аткарып жатышат. Себеби автобус, троллейбустар мурдагыдай жүргүнчүлөргө жык толгон эмес. Азыр базарлар да иштеп жатат, администрация ага келген адамдарды бет кап тагууга чакырып, кардарлар арасындагы аралыктардын сакталышын камсыздоосу абзел", - деди Үсөнбаев. 

2020-05-26 10:06:00

Ушул мезгилде коронавирус менен ооруп жаткан 8 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. 

2020-05-26 10:03:00

Бир сутка ичинде дагы 35 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 7өө сырттан келгендер болсо, 25и оорулар менен контактта болуп жуктурушкан. Дагы 3 киши ооруну кайдан жуктурганы такталууда. Өлкөгө коронавирус келгенден бери жалпы 1468 адам ооруну жуктурду. 

Бул суткага карата оору аныкталган 35 адамдын ичинен: 

Бишкек шаарында – 12 + 4 Орусиядан келген аскер кызматкерлеринен;
Чүй облусу - 4 + 3 Соль-Илецктен келгендерден;
Ош облусу - 4;
Нарын облусу - 8.

2020-05-26 10:00:00

26-майга карата өлкө аймагында 23 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Муну менен аталган инфекциядан жалпы 1015 бейтап сакайып чыкты. 

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан