Бишкекке Индиядан Кыргыз өлкөсүнүн 22 жараны келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Алар «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» маршруту боюнча Индия тарабынан Индиядагы Кыргыз жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.
Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген мекендештердин көбү дарылануу, ар кандай иштерди аткаруу жана башка максатта Индияда болушкан.
Азыркы учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды. Мамлекет башчысы койгон милдеттерди аткаруу, анын ичинде чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иш дагы улантылууда.