Кечээ, 25-майда коронавируска байланыштуу өлкө аймагында мектептерде акыркы коңгуроо майрамы салтанаттуу өткөн жок. Бүгүн, 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова акыркы коңгуроо салтанаты 30-майда онлайн режиминде өтө турганын кабарлады.
Кечээки салтанатсыз кечени Бишкек шаарындагы мектептердин бириндеги мектеп окуучулары салтанаттуу кылууга аракет кылган. Жогорку класстын окуучусу башталгыч класстын окуучусун ийинине отургузуп, кадимки акыркы коңгуроо салтанатындай кадам жасаганын чагылдырган видео социалдык тармакка тарады. Видеону көрүп кээ бири кайгырып жатса, кээ бирлери позитивдүү кабыл алып жатышат.