Орусия 51 медкызматкер жана жеке коргонуучу каражаттар менен дары-дармектен турган жардам жөнөтөт

Орусия Кыргыз өлкөсүнө 51 медициналык кызматкер жана жеке коргонуучу каражаттар менен дары-дармектерден турган жардам жөнөтөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан медкызматкерлерден турган чоң топту жиберүү боюнча эки тараптын ортосунда маселе каралып жатат. Айта кетсек, өлкөнүн медициналык мекемелеринде иштөөгө жана кеңеш берүүгө Орусиянын Башкортостан Республикасында 51 медициналык кызматкерден турган команда топтолду. Аталган дарыгерлердин тобу 22-июлда келери күтүлүүдө.

Ошондой эле Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан гуманитардык жардамдын келери пландалууда. Мындан сырткары Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын региондор аралык кызматташуусунун алкагында, Чечен Республикасынан медициналык дары-дармек жана жеке коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жардам берилери күтүлүүдө.

Орусия буга чейин Кыргыз Республикасына ПЦР тест-системдерди (110 миң изилдөөгө), дары-дармектерди, медициналык жабдууларды жана жеке коргонуу каражаттарын тапшыруу менен коронавирус менен күрөшүүгө активдүү жардам берип келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maxburat
2020-07-19 17:09:34
Жазганым темага туура келбегени учун кечирим сураймын. Бугун 19-юльга карата канча адамдан вирус аныкталганы чыккан жокго.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан