Депутат Жолдошбаев: "Коронавирус ракетасы, катюшасы да жок элдин баарын оорутуп жатат"

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев эл медицина кызматкерлеринин талаптарын аткарбай жатканын айтты.

"Бардык коомдук жайлар иштеп баштады. Эл медицина кызматкерлеринин айтканын жасабай жатат.

Бүгүн 74 адамдан коронавирус аныкталды. Ош, Нарын облустарында көп чыгып жатат. Таластын губернатору тартип орнотуп, ал жактан илдет чыкпай жатат. Ысык-Көлдө 10 адамдан чыгыптыр. Алардын медицина кызматкерлери өзгөчөбү? Алар тыкан, жакшынакай иштеп жатышат. Нарынга Пакистандан, Индиядан, Орусиядан келген жарандар коронавирус жугузуп, ошону токтото албай жатышат.

Коронавирус билинбей келген оору экен. Мунун ракетасы да, катюшасы да жок элдин баарын оорутуп жатат", - деди Жолдошбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
JaneEr
2020-05-28 10:59:04
Ошого алып келбегиле да чет элден эч кимди.Карантин токтогондо кайра келгендерден жугуп тойгозду.
+4
futboler
2020-05-28 12:37:08
Ракета менен катюшанын кандай тиешеси бар? Кепканы баса кийип алдым, уялганымдан.
+6
Momun...
2020-05-28 13:35:42
деди,-уялчаак депутат Жолдошбаев; деп кошуп жазсанар кичине.
+4
KaGaH
2020-05-28 19:53:21
Ушул киши сүйлөсө эле уяла берем негедир,өзүм да билбейм эмне үчүн,
Мүмкүн бул киши лексуста мен жөө жүргөнүм үчүндүр
+3
algakaray
2020-05-29 05:24:59
Акыркы созуно тушунсом олойун. Ракета, катюшаны мисал кылганы эмнени тушундурот
0
algakaray
2020-05-29 06:00:04
Ушу депутаттын айткан создорун оло уйалып кепкамды акырыыын баса кийип аран окуйм да бирок, коментарийлерди окуганча шашам. ))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан