Лейлек районунун акими: "Дарыгер видеону чет өлкөдөгү кыздарына жиберген"

Баткен облусунун Лейлек районундагы үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштеген дарыгер Минавар Камилова видео кайрылууну Америкада жашаган кыздарынын өтүнүчү менен жасаган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Айтымында, дарыгер кайрылуусунун арты менен Америкадан жардам алуу максатын көздөгөн. Себеби алар ал жерде жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын коому аркылуу медициналык каражат негизинде жардам берүүнү каалашкан.

"Бул жаран Америка тараптан аларга жардам келип калсын деген максатта аларга видео тартып жиберген экен. Бизде бир аз кыйынчылык болуп жатат деп мындан 10 күн мурун кайрылуу жолдогону тууралуу дарыгер жеке өзү айтып берди. Дарыгер үйүнөн келип-кетип жеке кабинетте жарандарды кабыл алып иштегендиктен жардамдардан кабары жок болгондугун билдирди. Азыркы тапта бизде баары жетиштүү. Бизге жардамдар келип жатат, дарыгерлер керектүү каражаттар менен камсыздалган. Камилованын Америкадагы кыздары дагы жардам уюштурушуптур, ал жолдо келе жатыптыр", - деди Бекмуратов.

Эске салсак, буга чейин дарыгер тарабынан 70 кызматкер иштеген ооруканага күнүнө бейтаптар келерин, бирок бир дагы дарыгердин коргонуучу каражаттары жок экенин айткан видео тараган.

Лейлекте медициналык каражаттар жетиштүү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
sirenaaaaa
2020-04-14 13:10:12
Кечирим сураткандан уялышып калган го
+7
Alimbek1000
2020-04-14 14:09:19
Адам адашат. Азыр телефон колдонгогндордун баары эле биле бербейт видеолордун тарап кетишин. Айрыкча чон курактагылар.
+4
robot111
2020-04-14 14:10:00
кыска ойлонуп иш кылган дарыгерлер иштеп деле жыргатпайтго
+1
rola
2020-04-14 19:19:00
robot111,Кыска ойлуулукка кирбейт бул.Бизде демократия деген каякка кеткен!Суйлогон адамдын эле оозун жаптырышат.Жок болсо жок дейтта.Жардам берилди деп чогулган акчаны жеп коюшуп олтура беришет.Биздин улуу урматтууларыбыз.
0
Arina07
2020-04-14 14:16:04
sirenaaaaa, туура айтасыз кечирим сураткандын ордуна ушинтип видиолор менен тастыктасын. Урматтуу ак халатчандар иштеген жеринерде эмне жок болсо видио кайрылуу жасагыла ушуга окшоп сразу алып келип беришет.
+1
Samatalibei
2020-04-14 13:13:41
Кечирим суратпоонун экинчи вариантыго. Бизден сурайбыз деп адашып башка өлкөдөн сурап алыптыр дебейби!
+7
nargiz-sa
2020-04-14 13:18:18
Эмнеге эле жашырышыат жок жетишсиз оор болсо ошондой айткыла да учурдук эмес эртенки коркунучтун алдын алалы. Жашырып шалаакылылыктын акыбети да ушул кундор
+3
stal.ks
2020-04-14 13:37:03
учактар токтосо кантип келмек эле жардамы, бул жон эле курук соз
+3
Raatbek700
2020-04-14 13:48:55
Жолдо кайсыл жерге жетип калыптыр э учактар токтогон болсо.андан коро келип тийгизип Кетти деп айтсаныз
+2
urmat94
2020-04-14 13:54:57
Айла жок кулосун да самолёт учпаса Америкадан машина келалбаса кантип кайсы жак мн келтат экен а? )))
0
Mamytovv_n
2020-04-14 14:05:29
Кийимдери начар болуп канчалаган врачтарга жукту чынын айткандарды аркасынан кечирим суратып койгула уят бул ишинер
+3
tina-Tin
2020-04-14 14:12:04
Эмнеге жашырасынар аким губернатор кошулуп. Ошол жерде иштеген эжем чындап эле эч кандай коргоочу кийимибиз жок деп айтып жататго. Бири биринин оозун жапмай менен убара чондор.
+3
Jaznura
2020-04-14 14:14:48
Камилова ойлонуп иш кылса болмок экен.
-5
Margo82
2020-04-14 17:13:57
Каяктагы жомокторду айта бербегилечи актанып,айтса чын айтып аткандыр силердин козунорго центрдеги эле условия коруно берет,айылдарда эч нерсе жок.аппарат эмес 10 медикке Бир защитный костюм.
жонун жок барын бар дегиле.
уялгыдай бул Бир Кыргызстанда эмес,дуйно боюнча проблема болуп атат
Уялчактар силер эле эмес,онуккон олколордо деле жетишпей жатат эч нерсе.
Тимеле намыстуу болуп кетишет
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан