Жаңы Зеландияда акыркы аптада коронавирус аныкталган жок, оору менен бир эле бейтап күрөшүп жатат

Жаңы Зеландияда акыркы бир аптанын ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган жок. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, чет элдик басылмалар жазышты. Ага ылайык, ушул тапта оору менен бир эле бейтап күрөшүп жатат.

Дарыгерлердин айтымында, коронавирус менен ооруп жаткан жалгыз бейтаптын абалы учурда канааттандырарлык. Ал дарылануусун ооруканада эмес, үйүндө улантып жатат.

Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 1 миң 504 адамдан аныкталган. 22 адам каза болсо, 1 миң 481 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан