Кыргыз өлкөсүндө иш алып барып жаткан медиа каражаттары өкмөткө жана Бишкек комендатурасына өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин жөнгө салуу жолун сунуштап, кайрылуу жасашууда.
Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал убагында журналисттердин көчөгө чыгып иштешине уруксат берилбей турганын 30-мартта ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирген.
Ага карабай, учурда мамлекеттик телеканалдар өлкөнүн бардык булуң-бурчуна барып, абалды чагылдырууга, тоскоолдуксуз иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Алардын ишмердүүлүгүнө уруксат кагазы берилген. Бирок мамлекеттик ЖМКлар коомчулукту кызыктырган, коомчулук талап кылган курч суроолорду бербей жатышат. Мындан улам жарандардын ачык-айкын маалымат алуу укугу чектелүүдө.
Буга байланыштуу "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана SUPER TV каналынын редакциялары расмий кайрылууларын COVID-19 вирусунун өлкөгө кирүү жана таралуу коркунучунун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевге жолдойт.
Расмий кайрылуу!
Баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиевдин 2020-жылдын 30-мартындагы “Өзгөчө абалдын режимин сактоо боюнча кошумча чаралар тууралуу” №15 буйругунун негизинде өлкөдөгү ЖМКлардын ишмердүүлүгү дээрлик токтоп, өлкөдөгү көз карандысыз ЖМКлардын баары тикелей милдетин аткаруу – коомчулукту такталган маалымат менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамында дагы, башка мыйзамдарында дагы өзгөчө абал учурунда ЖМКлардын ишмердүүлүгүн чектөө же токтотуу тууралуу каралган эмес.
Республикалык штаб берип жаткан брифингдер жана атайын түзүлгөн телеграм-каналы аркылуу берилип жаткан маалыматтардын көпчүлүк бөлүгү жараксыз, эскирген же жетишсиз болууда. ЖМКлардын республикалык штабга, тийиштүү министрликтерге кайрылуулары, аларга кат аркылуу жолдонгон суроолору жоопсуз калууда. Бийликтин коммуникациялык саясаты өзгөчө абал учурунда өз дарегине карата айтылып жаткан сындарды кабыл албай, мамлекеттик эмес, көз карандысыз ЖМКлар менен толук кандуу байланышка барбай, мындан улам коомчулукту учурдагы абал боюнча ар тараптуу, ачык-айкын, такталган маалымат менен камсыз болуу укугунан ажыратууда.
Кыргыз медиа коомчулугу 2020-жылдын 30-мартынан бери Бишкек шаарынын комендантынан өзгөчө абал киргизилген аймакта ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө уруксат берүүгө атайын тартип киргизүүнү талап кылып келе жатат. Муну “Өзгөчө абал боюнча” мыйзам да талап кылат. Мындай абалда ЖМКларды каттоодон баш тартуу Конституциялык мыйзамда каралган эмес. Бул тууралуу Баш мыйзамдын 20-беренесинде “Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же чектөөчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек”, - деп айтылат.
Дүйнөнүн өнүккөн демократиялык өлкөлөрүн эле эмес, коңшу Казакстан, союздаш Орусияны алсак деле Кыргыз Республикасынан айырмаланып, аларда ЖМКлардын иштөөсүнө чектөө киргизилген жок. Журналисттер дүйнөдө, өлкөдө болуп жаткан иштерди чагылдырууда алдыңкы сапта болуулары шарт.
Учурдагы абалды эске алуу менен кыргыз медиа коомчулугу дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуп, ЖМКларды иш жүргүзүүсүнө уруксат берилген тармактардын тизмесине киргизүүнү сунуштайт. Журналисттин жанында кызматтык күбөлүгү жана басылманын башкы редакторунун колу коюлган иш тапшырмасы болушун талап кылууга болот.
Учурда 21-кылым. Ар бир жарандын колунда телефону, интернет байланышы бар. Андыктан ар бир жаран өз алдынча маалымат таратуучу болуп калат. Алар тастыкталбаган, калкты дүрбөлөңгө салуучу жалган маалыматтар да болушу мүмкүн. Коомчулукту ар кандай фейк маалыматтардан коргоо максатында да Бишкек шаарынын комендатурасы ЖМКларга тоскоолдуксуз иштеп, калкты тастыкталган, объективдүү маалыматтар менен камсыз кылуусуна шарт түзүп берүүсү зарыл.
Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жана Бишкек шаардык комендатурасынын расмий электрондук дареги жок болгондуктан, түздөн-түз барып кайрылууга учурдагы жол кыймылы боюнча чектөө жолтоо болуп тургандыгына байланыштуу расмий кайрылуубузду сайт жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларыбыз аркылуу жарыялоого аргасыз болдук.
“Супер-Инфо” гезитинин редакциясы
SUPER.KG порталынын редакциясы
SUPER TV каналынын редакциясы