1-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 6 миллион 164 миң 784кө жетти. Алардын арасынан 2 миллион 641 миң 68 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 371 миң 987 адам көз жумду.
Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 789 миң 368 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 444 миң 758 адам сакайып, 104 миң 357 бейтап каза болду.
Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен алышкандардын саны 514 миң 849га жетти. Андан 206 миң 555 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы, 29 миң 314 адам каза болду.
Орусияда 405 миң 843 адам коронавирус илдетин жуктуруп катталды. Арасынан айыгып чыккандар -171 миң 883, көз жумгандар - 4 миң 693.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.