Бүгүн, 4-апрелде Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев онлайн маалымат жыйын берип жатат.
Ал кырдаалга байланыштуу келип чыккан суроолорго жооп берип, социалдык төлөмдөр боюнча маалымат берүүдө.
"Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 670 миӊден ашык пенсионер ар кандай категориядагы пенсия алат. Алардын ичинен 55 пайызы банктардан, 45 пайызы пенсиясын почта бөлүмдөрүнөн алышат. Кийинки айда пенсияларды каржылоо толук көлөмдө жана каралган мөөнөттө ишке ашырылат. Каржылоо 9-апрелде ачылып, 10-апрелден тарта банктардан жана почта бөлүмдөрүнөн төлөмдөр бериле баштайт", - деп билдирди ал.