Футбол боюнча Испания чемпиондугу 11-июнда башталат

Коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган футбол боюнча Испания чемпиондугу (Ла Лигасы) 11-июнда башталат. Мындай чечимди Ла Лиганын жетекчилиги кабыл алганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, оюндар күн сайын өткөрүлөт. Чемпиондуктун алгачкы оюнунда "Севилья" командасы өз үйүндө "Бетис" командасын кабыл алат. Оюн 02:00дө (Бишкек убактысы боюнча) башталат. 14-июнда "Барселона" командасы биринчи оюнун "Мальорка" командасына каршы конокто ойносо, эртеси "Реал Мадрид" командасы өз үйүндө "Эйбарды" кабыл алат.

Белгилей кетсек, Ла Лига аптасына эки турдук оюндарды өткөрүп, чемпиондукту 19-июлда аяктайт. Азыркы учурда чемпиондуктун сап башында 58 упайы менен "Барселона" командасы келе жатса, 56 упайы менен "Реал Мадрид" экинчи орунда. 47 упайы менен "Севилья" командасы үчүнчү орунда келе жаткан болсо, 46 упайы менен "Реал Сосьедад" командасы төртүнчү орунду камсыздап келе жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
001KG
2020-06-01 14:54:25
Форча Барча.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан