Бишкек шаарында коронавирус инфекциясына байланыштуу коюлган санитардык талаптарды көптөгөн ишкердик субъекттери аткарбай жатышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов онлайн брифинг учурунда айтты.
"Тилекке каршы коронавирус инфекциясына байланыштуу кырдаалга бардык эле ишкердик субъекттери ак ниет менен мамиле кылган жок. Муну ачык-айкын айтып кетишибиз керек. Санитардык эрежелерди сактабагандардын ичинде: "Жираф", "Тайм Аут", "Восточка", "Омар не Хайям", "Стамбул", "Ванила" жана башка коомдук тамактануучу жайлары, "Bigser Sport" дүкөнү, "Кудайберген", "Уста" жана "Элит Строй" базарлары, соода борборлору санитардык эрежелерди сактабай жатканы аныкталды", - деди Алымкулов.
Ошондой эле вице-мэр мобилдик топтор тарабынан бардыгы болуп 4 миң 528 объект текшерилгенин, анын ичинен 447сине протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 миллион сомго жакын айып пул салынганын айтты.