Пневмония менен жабыркап, ооруканада жаткан саясатчы Камчыбек Ташиевдин абалы оор экени айтылды. Бул тууралуу журналист Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Камчыбек Ташиев агабыздын учурдагы (5-июль күндүн саат 16:00гө карата) абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Камчыбек Кыдыршааевичтин уулу Тай-Мурас Ташиев билдирди. Кудай сактасын", - деген ал.
Буга чейин Камчыбек Ташиев жана анын жубайы пневмония илдети менен жабыркап, ооруканалардын биринде дарыланып жатканын Ташиевдин уулу Тай-Мурас ырастаган.