Украинанын Новые Санжары айылына Кытайдагы коронавирус эпидемиясынан кайтып келген мекендештеринин автобустарын таш бараңга алышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Новые Санжары айылынын тургундары Кытайдан келген мекендештерин ызы-чуу, агрессия менен тосуп алышты. 7 автобуска отурган жүргүнчүлөр респираторчон (дем алуу органдарын коргоочу бет кап), ал эми айдоочулар атайын кийимчен болушкан. Чогулган эл нааразычылыгын билдирип, автобуска таш ыргытып, терезелерин талкалап салышкан. Автобуста балдар да болгондуктан, ата-энелери балдарын тосуп, жаракат алгандан сакташкан. Полиция кызматы тартипти көзөмөлгө алууга аракет кылган, ошентсе да мушташ орун алып, тартип бузгандар кармалган. Мындай жагымсыз окуя менен автобустар санаторийге кирип кетишкен.
Буга чейин Украинанын өкмөт башчысы Кытайдын Ухан шаарынан 20-февраль күнү 45 Украинанын жараны жана 27 чет өлкөлүк эвакуацияланарын билдирген.