Орусияда акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 182 адам каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 863 адамдан аныкталды. Оорудан суткада 182 адам каза болуп, 11 миң 108 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 2 миң 286;

Москва облусунда - 732;

Санкт-Петербург шаарында - 376;

Нижегород облусунда - 354 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 423 миң 741 адамдан коронавирус аныкталды. 5 миң 37 адам каза болуп, 186 миң 985 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан