Дүйнөдө жаңы агрессивдүү жана кооптуу вирустун жайылышы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Вьетнамдын Дананг шаарында жана ага жакын жайгашкан провинцияларда коронавирустун жаңы түрү келип чыккан - ал мурда белгилүү болгондон дагы агрессивдүү жана коркунучтуу.
"Азыркы учурда вирустун жаңы түрүн 4 адам жуктуруп алган. Анын экөөсү жасалма дем алдыруучу аппараттын (ИВЛ) жардамы менен дем алууда. Изилдөөлөргө ылайык, вирус тездик менен көбөйөт. Адистер вирустун пайда болушунун эки жолун белгилешет: өлкөгө мыйзамсыз мигранттардын кириши же Данангдагы ооруканалардын биринде вирус мутациясы", - деп жазылат маалыматта.