Бишкекте эпидемиологиялык абал курч. Мындан улам мобилдүү бригада конуштарды кыдырууну улантууда

Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Буга байланыштуу Бишкек шаарында медицина кызматкерлеринен түзүлгөн мобилдүү бригада калктуу конуштарды кыдырып, андагы жашоочулардын абалын үймө-үй кыдырып текшерүүнү улантууда. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын тургундарынын арасынан 468 адамдан COVID-19 инфекциясы аныкталган.

"Айрым жарандар өздөрүнөн коронавирустун белгилерин байкап кайрылган учурлар болууда. Буга байланыштуу шаарда 118 түз байланыш номери иштеп баштаган. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу өздөрүнүн аймактарындагы жашоочулар менен иш алып барышууда. Мындан тышкары мобилдүү бригадалар калктуу конуштарга барып үймө-үй кыдырып жатат . Ага ылайык, ушул дем алыш күндөрү Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо, Ак-Босого, Көлмө, Калыс-Ордо, Алтын-Казык, Учкун, Бакай-Ата, Эне-Сай, Дордой, Ак-Бата жана Ак-Тилек конуштарындагы жашоочуларга медициналык кароо жүргүзүлдү. Бул кароолор берилген алгоритмдин негизинде төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт:

1. Медицина кызматкерлеринен эч кимиси жашоочулардын үйүнө кирбейт;

2. Тургундардын абалы тууралуу сурамжылоо иретинде оозеки маалымат алынат;

3. Даттанууларга жараша тизме түзүлөт;

4. Кароолорду жүргүзүп жаткан медиктер вахталык режимде, үйлөрүнө кетпей иштешүүдө.

Мындай кароолор шаар тургундарынын саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн гана жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан