Индия COVID-19га каршы вакцина өндүрүү ишин баштайт. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, Индиянын институттарынын бири август айынан баштап коронавируска каршы Covishield вакцинасын биринчи эксперименттик партиясын чыгара баштарын институттун директору Адар Пунавалл билдирген.
"Биз өлкөбүз үчүн тобокелдик менен вакцинаны бир канча миллион дозада өндүрүүнү баштайбыз. Сыноолордун ийгилигине таянып ушул жылдын аягына чейин массалык өндүрүштү ишке киргизишибиз мүмкүн. Кийинки жылдын биринчи кварталында жөнөкөй адамдар дагы вакцинаны ала алат", - деген ал.
Препарат Оксфорд университети жана австралиялык "AstraZeneca" компаниясы тарабынан иштелип чыккан.
Биринчи айда Covishield 60-70 миллион доза менен чыгарын, андан кийин ал акырындык менен көбөйтүлөрүн кошумчалаган.
Мындан сырткары индиялык өндүрүүчүлөр вакцинаны эң арзан баада сатып алууга жана кедей өлкөлөрдөгү адамдарга да жеткиликтүү болоруна аракет кылышат", - деп жазылат маалыматта.
Учурда коронавируска каршы вакцина бир канча өлкөлөрдө иштелип чыгууда. Алар АКШ, Кытай, Италия, Германия, Япония, Орусия жана башка өлкөлөр.