Ошто балдар арасында жугуштуу оорулар көп каттала баштаганы айтылды

Бүгүн, 3-июнда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында Ош облусунда санитардык талаптар аткарылбай жаткан учурлар болуп жатканы айтылды.

"Март айынан баштап жугуштуу оорулар менен ооругандар азайып калган. Мисалга, тамак-аштан уулануу, дизентерияга кабылып кайрылгандар. Бирок акыркы күндөрү балдар арасынан жугуштуу ооруларга кабылгандары көп чыга баштады. Бул көбүнесе күн жылыганына байланыштуу мөмө-жемиштерди жуубай жегенден же тамактануу алдында колду самындап жуубагандыктан болуп жатат. Андыктан, тазалыкты сактап, колду маал-маалы менен жууп, дезинфекция иштерин жүргүзүп туруу керек.

Облуста көп иштмердүүлүктөргө уруксат берилген. Мындан улам кээ бир жерлерде санитардык талаптар аткарылбай жатат. Адамдар дүкөнгө кезекке турганда социалдык аралыкты кармаган жок. Бет капты дагы кийбей эле тургандарына күбө болуп жатабыз. Балдарды жана өзүбүздү коронавирустан сактоо үчүн бардык айтылган эрежелерди аткаруу керек. Анткени коркунуч жок эмес, ал дагы эле кете элек", - деди Жылкыбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан