Коңшу Казакстанда акыркы бир сутка ичинде 271 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 4 адам каза болсо, 299 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган адамдардын ичинен Караганда облусунда 68 адам, Нур-Султанда 55, Атырау облусунда 35, Алматыда 26 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен коңшу өлкөдө жалпы 12 миң 67 адамдан коронавирус аныкталды. 48 адам каза болсо, 6 миң 240 бейтап айыгып чыкты.