Чүй облусунда 7-июлга карата 128 жерде госпитализацияны талап кылбаган күндүзгү дарылоо үчүн 1 миң 431 орун даярдалган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Күндүзгү стационарларды ачуунун алгачкы күнүнөн тартып ийне жана тамчылатма дарыларды (капельницаларды) 1000-1300гө жакын бейтаптар алышууда. Ал жакта 191 медицина кызматкери кызмат көрсөтүүдө. Медицина мекемелерин тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер уланууда.
Демөөрчүлөр тарабынан Токмок жана Чүй аймактык ооруканаларына 5 ИВЛ аппараты сатып алынды. Жалпы облус боюнча ар кайсы булактардын каржылоосу менен 161 кычкылтек концентратору алынды", - деп жазылат маалыматта.