"Парламенттик шайлоону жылдыруу керек же болбосо үгүт ишин башка форматка өткөрүү керек" деп бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Ал парламенттик шайлоого аз эле күн калганын айтты. "Биздин 7 отурум калды. Парламенттик шайлоо кампаниясынын башталышы тууралуу жарлык чыгат. Бир топ маселелер калып жатат. Биз иштеп жаткан нормалар менен барсак бир топ коркунуч бар. Коронавирус оорусу азайбай жатат. Анда биз эмнеге апрель айында карантинге чыктык? Саясий партиянын мүчөсү коронавирус менен ооруп калса, ал ооруканага жатканга мажбур болот. Күзүндө илдеттин экинчи толкуну баштала турганын айтышууда.
Биз парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек же үгүт иштерин башка форматка өткөрүү зарыл. Шайлоону жылдырсак, депутаттар узурпация кылып жатат деп айтат. Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт, саясий партиялар биргеликте кандай формат менен шайлоого бара турганыбыз боюнча кеңешибиз керек", - деди Бекешев.