Бүгүн, 13-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык штабдын ишмердүүлүгү, абал тууралуу онлайн жыйын берди. Анда Боронов: "Эпидемиологиялык очокто иштеп жаткан медицина кызматкерлери жана күнү-түнү иштеген аскер кызматкерлерине шарт түзүү жагы толук чечилди. Коргоочу кийим-кечелер уюштурулду. Бул жактан эч кандай маселе жок. Кайсы бир аймакта кызматкер тиешелүү кийими жок чыгып жатса, аймактагы жетекчиликтин кемчилиги", - деген маалыматты берди.