Депутат бала бакчалардын кызматкерлерин, балдарды коронавируска анализ тапшыргыла деген талаптар болуп жатканын айтты

Депутат Таабалды Тиллаев бала бакчалардын кызматкерлерин, балдарды коронавируска анализ тапшыргыла деген талаптар болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Эртеңден баштап бала бакчалар ачылат. Бирок кечээтен бери мага Бишкек шаарынан бир топ ата-энелерден кайрылуулар келип жатат. Аларды райондук администрацияларда акимдин орун басарлары чогултуп, ультиматум коюп жатыптыр.

Ар бир бала, бала бакчалардын кызматкерлери вирус боюнча анализ тапшырбаса, силердин бала бакчаңарды ачпайбыз деп жатышкан экен. Анализ тапшыруу 2 миң 300 сом. Аны алар кайдан тапмак эле? Бул ата-энелер, кызматкерлер үчүн чоң акча. Мамлекетке жардамдар келип жатат. Эл аралык уюмдар, жеке ишкерлер беришүүдө. Бүгүн бул маселени республикалык штабдан карап, чечип бериши керек"
, - дейт Тиллаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан