Бүгүн, 26-майда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев онлайн маалымат жыйынын берди.
Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү жашоочу тарабынан Ош шаарында уруксат бериле элек айрым оюн-зоок борборлору жана түнкү клубдар ишке кире баштаганы тууралуу маалымат айтылды.
"Мисалга алсак, кечээ, 25-майда Оштогу "Harley club" аталышындагы түнкү клубу иштеп жаткан, аларга карата чара көрүлдүбү?" деген суроо узатылды.
Буга Ош шаарынын биринчи вице-мэри төмөндөгүдөй жооп берди.
"Ооба, бизге дагы ушундай маалымат келип түшкөн. Ал жайга күч органдарынын кызматкерлери барып клубду жаптырышты. Бирок аларга карата айып пул салынган жок. Клубдун ээсине эскертүү берилди, эгер дагы бир жолу тартипти бузса, мыйзам чегинде чара көрүлөт. Дагы бир жолу эскерте кетейин, азырынча түнкү клубдардын, интернет клубдарынын жана түнкү кафелердин иштешине тыюу салынган", - дейт ал.