Биз социалдык тармакта

Арменияда коронавирус инфекциясы аныкталган адамдарды ооруканалар кабыл ала албай калышты

Арменияда коронавирус инфекциясы күч алгандыгына байланыштуу бул илдет менен ооруган адамдарды ооруканалар кабыл ала албай калды. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылууда айткан.

пидемиологиялык абалыбыз начарлап баратат. Кечээ бизде 697 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды", - деген Пашинян.

Анын айтымында, учурда Арменияда болжол менен 20 миңдей адамда коронавирус инфекциясынын белгилери бар. Алар ооруп жаткандарын өздөрү билишпейт. Пашинян жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.

Эске салсак, 1-июнда Никол Пашинян жана анын үй-бүлөсү коронавирус инфекциясын жуктуруп алган.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө жалпы 11 миң 221 адамдан коронавирус аныкталды. 176 адам каза болсо, 3 миң 468 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-06-04 19:18:28
11.000 адамды эптей албаган болсо кырдаал жаман экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан