Өлкөгө коронавирус келгенден бери кош бойлуу 14 аял вирусту жуктуруп алган

Бүгүн, 12-майда Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы суткадагы коронавирус боюнча статистикаларды айтты. Онлайн брифингдин жүрүшүндө ага "Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн биринде коронавируска шектелген кош бойлуу аял обсервацияда жатат деген маалымат берилди эле. Кош бойлууларды бул оорудан дарылоонун кандай ыкмалары бар?" деген суроо берилди.

Үсөнбаев республика боюнча 14 кош бойлуу аялдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын айтты.

Анын айтымында, алар төрөгөн балдардан вирус чыккан эмес.

"Кош бойлууларды бул илдеттен дарылоонун өзүнчө ыкмалары бар. Дарыгерлер ошол ыкмаларды колдонуп, аларды оорудан айыктырып жатышат", - деди Үсөнбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан