Ош шаарында коронавирустун эмне себептен көбөйүп жатканын шаардын мэри түшүндүрдү

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүнкү онлайн маалымат жыйында шаарда эмне себептен коронавирус инфекциясы күчөп жатканын төмөнкүчө түшүндүрдү.

"Бүгүн 11 жарандан коронавирус аныкталды. Алардын баары обсервацияда жаткандар. Ошол жактагылардан чыкты. Учурда обсервацияда жаткандарга толук анализ чыкмайынча ал жактан чыгарылбайт", - деди шаар мэри.

Ошондой эле республикалык штабдын уруксаты менен 8-июндан тартып мечиттер иштеп баштаганына токтолду.

"Ош шаары боюнча 72 мечит бар. Биз Ош шаардык казы менен сүйлөшүп, бардык мечиттер санитардык талаптарды сактап, антисептик, бет кап менен камсыз болуулары жана социалдык аралыкты сактоолору керектигин билдирдик. Мечитке кирип бара жаткан ар бир жаран бет капты милдеттүү түрдө кийүүгө тийиш. Эгер мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса, биз аларды кайрадан жапканга аргасыз болобуз”, - деп билдирди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Dembele84
2020-06-06 15:18:25
Правильно
-6
titanik32
2020-06-06 15:48:37
Азамат Таалайбек Сарыбашов өз ишин так даана жүргүзө билген адам.Кээ бирлери брифинг кылганда коронавирус палан жерде паланча түркүн жерде түкүнчө аныкталды деп толук маалымат айтбай.Ушул Сарыбашовдой айтса болот го вирус кайдан чыгып жатканын,мына так даана айтты обцервацияда жаткандардан чыкты деп.
-6
nazarnew
2020-06-06 16:40:01
Ушул мээрибизди и Мелисти и Садырды эле алып калып, калган 120 мал менен с вирусту кошуп жок кылып салыш керек.
-9
maksat_osh
2020-06-06 18:44:10
Мэр популист!
+9
maksat_osh
2020-06-06 18:44:29
Жолдун акчасын жеп койгон толотуш керек!
+8
Mustafo
2020-06-07 18:01:08
maksat_osh,галдирабачи
0
urmat94
2020-06-07 00:43:56
Бул губернатор болуп турганда жардамчысына зонтик карматып отурган беле ким коргон ?
+1
basyz-kaman
2020-06-07 01:33:58
Канчалык минусту бассаңар дагы туураны туура деш керек. Кее бир мэрлерге караганда түзүк иштеп жатат.
+3
Zimzimemir
2020-06-07 02:20:16
Ош учун куйгон киши,корунукту иштерди кылып жатат .
+6
Krai
2020-06-07 10:42:45
Азамат Тайырбек Сарпашев эң жакшы иштеп жатасыз минус баскандар ичи куйгондор го
+4
Mylatka..
2020-06-07 10:51:37
Бассейн мн базарларга караганда мечиттер таза болот!.Болгону 20минут кармалышат.Даарат алып таптаза киришет.Бассейиндерде коруп жатпайбызбы баарыле эркек аял чон кичине аралашып жатышат....сааттап!Ал сууга баары тушуп жатат ...сууну текшерген адам барбы ???Кучунор мечиттерге эле жетет болуп жатат!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан