Өлкөдө дагы 6 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар:
Бишкек шаары – 1;
Ош облусунда – 1;
Ош шаары – 1;
Нарын облусунда – 3.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясы менен ооруган медициналык кызматкерлердин саны 395. Алардын ичинен 275 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.