Орусияда абал курч. Сутка ичинде 10 миң 581 адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 82 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 10 миң 581 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 76 адам каза болсо, 1 миң 456 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы эң көп аныкталган Орусиянын 85 аймагынын ичинен:

Москва шаарында - 74 миң 401;

Москва облусунда - 14 миң 939;

Санкт-Петербург шаарында - 5 миң 346;

Нижегород облусунда - 2 миң 852;

Мурманск облусунда - 1 миң 974 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бардыгы болуп бул өлкөдө 145 миң 268 адамдан коронавирус аныкталды. 1 миң 356 адам каза болсо, 18 миң 95 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
AMIR_ASAMIDINOV
2020-05-04 15:31:57
Бир айдан бери жатып, жашоо кыйындап кетти гооооо:(
+4
Romantik.
2020-05-04 15:53:49
Орустарың кеч киргизди да карантиндик, метролордун жаап салыш керек
+4
Chungyz
2020-05-04 17:03:14
Биздин жарандар РФ колдоосуз калып кетет окшойт быйыл окмотко ишенбей бир жерден жумуш табып кыбырап тургула айла жок
+5
abusait
2020-05-04 21:48:10
РФ 2 же 3 орунга чыгатко мындай кетишште
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан